Connect with us

Кыргызстандагы криминалдашкан ММА

Коом | 24 Сен 2019 | 1039 | 0

22-сентябрда Ош облусундагы Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгону тууралуу кабар социалдык тармактарга тарады. Атышууда эрежесиз мушташтын чебери Төлөгөн Рахманберди уулу оор жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөнү белгилүү болду. Кийинчерээк айрым маалымат булактары бул атышууга Ош шаардык Спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаевдин тиешеси бар экенин жазып чыгышты. Аралаш уруш менен алектенген спортчулардын башаламандыкка катыштыгы бар делген бул жалгыз окуя эмес.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда ММА же эрежесиз эр мушташ менен машыккан спортчулар көбөйдү. Алардын көпчүлүгү октагонго чыгып, чет өлкөдөгү алдыңкы уюмдарда өлкөбүздүн желегин желбиретип жүрсө, айрымдары чеберчилигин туура эмес жактарга пайдаланып жүрүшөт.

Мындай окуялардын бири 22-сентябрь күнү Кара-Суу районунун Фуркат айылында катталды. Анда эрежесиз мушташтын чебери Төлөгөн Рахманберди уулу октон жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Аталган кылмышка шектүү катары Ош шаардык Спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаевдин аты аталды. Саркарбаев — вале-тудо боюнча Евразиянын чемпиону, эрежесиз мушташ боюнча бир нече турнирлердин жеңүүчүсү.

Бул окуя тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып, Ошту бандиттер байырлаганын баса белгилеп, тынчсыздануусун билдирди.

— Ошту бандиттер байырлап алган десе ишенбейсиңер. Ош шаардык Спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев Ош бажысынын мурунку кызматкери, Раим Матраимовдун жакын санаалашы Эмилбек Кимсановдун колунда жүргөн Төлөгөн Рахманберди уулун санга атып, окуя болгон жерден качып кеткенин өзүмдүн булактарым ырастап жатышат. Бул арада мурдараак Канжар Кадыралиев иштеткен саунанын күзөтчүлөрүн сабаган Бекболот Абдылда уулу кылмышты өзүнүн мойнуна алып жатат деген кабар келди. Чынында эле Бекболот Абылда уулун Кылыч Саркарбаев машыктырып жүргөн эле.

 Ал арада «Женго» деген каймана ат менен белгилүү Кадыр Досоновдун Кылыч Саркарбаев менен айланасы тор менен тосулган имараттан чыгып келаткан тасмасы тарап, социалдык тармактарда талкууга алынды.

Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев спорттун бул түрүн жактырбаганын айтат. Ошондой эле, ал: «Саясатчылар ушундай клубдарды ачып алып, спортчуларды өзүнүн пайдасына колдонгонун коюшса», — дейт.

— Жеке мен ушул спортту такыр тыйып салса деп ойлойм. Азыр «Саясаттагылар ошондой спортчулардан топ куруп алышууда», — деген кептер тарап жатат. Азыркы депутаттарбы, болочок эл өкүлүбү, же мамлекеттик кызматкерби, айтор, ошондой кылыктарын токтотсо деген ой. Булардын баары эле көчөдө басып калган, жумушу жокторду чыкырып жатса керек.

«Кулатуу Эр таймаш» федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев спортчулардын ушундай жагдайда аты аталганы өкүнүчтүү экенин айтат. Анын белгилешинче, кандайдыр бир кримчөйрөдө аты аталып, же кылмышка аралашкан спортчулар болсо, WEF уюмунун беттештеринен четтейт.

— Эки спортчунун ортосунда өкүнүчтүү, жаман нерсе болуп жатат. Биздин федерациянын эрежеси боюнча мушкерлердин кандайдыр бир кримдүйнө менен байланышы болсо, биздин бардык турнирлерден четтетилет. Биз алдын ала спортчулардын машыктыруучуларына да эскертебиз. Алар атайын профилактикалык жумуштарды өткөрүүсү зарыл.

Ал эми, мурдагы аскер прокурору, генерал-майор Кубатбек Кожоналиев бүгүнкү күндө спортчуларга тарбия берүү аксаганына токтолду. Мындан улам спортчулар күчтөрүн туура эмес жакка сарптап жатышат.

— Акыркы учурда биздикилер «спортсмен» десе эле жаткыра чапканды, жаны чыккыча сабаганды түшүнүп жатышат. Спорт — бул өзүнчө курал. Бизди: «Куралды этият пайдалануу керек. Аны алсыздарды, жакындарды коргоо үчүн колдонуу керек», — деп үйрөтчү. Менин оюмча, бүгүнкү күндө спортчуларды тарбиялоо иштери начар болууда. Биздин тийиштүү мамлекеттик органдар, өзгөчө спорт комитети, күч түзүмдөрү ММА боюнча машыктыруучуларды, ушул багыттагы клубдарды көзөмөлгө алышы керек.

Маалыматка ылайык, сөз болуп жаткан окуяга тиешеси бар спортчулар Мамлекеттик бажы кызматында иштеп кеткен, элге «Раим миллион» деген каймана аты менен белгилүү Райымбек Матраимовго караштуу «ЕRЕМ» спорт клубунда машыгып жүрүшкөн.

Икрамов: Крим чөйрөнүн мүчөлөрү менен таанышкам, бирок тиешем жок

Copyright © 2017 Maral FM