Биз менен байланышыңыз

Унаа салыгын төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктайт

Кыска кабар | 30 Авг 2019 | 466 | 0

Унаа салыгын төлөөнүн акыркы күнү дем алыш күнүнө туш келгендиктен, бул салыкты төлөө мөөнөтү дүйшөмбү күнү, 2-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Ушул эле күнү турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер (үй алдындагы, короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) салыктарын да кабыл алуу аяктайт.

Эскерте кетсек, салык органдары кезметчилик графигине ылайык 2-сентябрга чейин, анын ичинде дем алыш жана майрам күндөрү да иштешет.

Салыктарды айрым банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM