Биз менен байланышыңыз

Бабанов УКМКга сурак бергени барды

Кыска кабар | 20 Авг 2019 | 453 | 0

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук комитетине 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча президенттикке талапкерге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында, күбө катары сурак бергени келди.

Журналистерге берген интервьюусунда Кыргызстанда курчуп турган саясий абалды жоюу максатында келгендигин айтып, ошондой эле Он-Адыр айылындагы сүйлөгөн сөзүндө биримдикке гана чакыргандыгын билдирди.

Мындан сырткары, Бабанов саясаттан кеткендигин буга чейин эле билдиргенин, мекенине кайтып келүүсү, саясатка кайра кайтууну түшүндүрбөй тургандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM