Connect with us

Разаков чек ара чатагында жараат алгандардан кабар алды [фото]

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 842 | 0

Бүгүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ак-Сай айылындагы чатакта жаракат алган жарандардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова «Маралга» билдирди.

Жаракат алгандар учурда Баткен биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүндө жана хирургия бөлүмүндө жатышат.

Алардын арасында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ок тийген, таш тийген милиция кызматкерлери да бар.

Дарыланып жаткан жарандардын жана күч кызматкерлеринин абалы туруктуу экенин жана жабырлангандарга ар тараптуу медициналык жардамдар көрсөтүлүп, тиешелүү процедуралар жогорку деңгээлде жүргузүлүп жаткандыгын ооруканадан билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM