Биз менен байланышыңыз

Кытайда жер титирөөдөн жабыр тарткандардын саны 31ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июн 2019 | 396 | 0

Кытайдын Сычуань провинциясында ишемби күнү кечинде болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандардын саны 31ге жетти. Ошондой эле, жер титирөөдөн каза болгондор каттала электигин Ибинь округунун жергиликтүү бийлиги билдирди.

Буга чейин 19 адам жабыр тартканы айтылган болчу.

«22-июндун кечинде очогундагы күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөөдөн 31 адам жабыркады. Алардын 21и ооруканада даарыланууда», — деп айтылат жергиликтүү бийликтин билдирүүсүндө.

Эске салсак, ишемби күнү кечинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:29да Кытайдын түштүк- батышындагы Сычуань провинциясында 5,4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Copyright © 2017 Maral FM