Биз менен байланышыңыз

2018-жылы кен казуу тармагында 19,8 млрд сомдук продукция өндүрүлдү

Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 420 | 0

2018-жылы өлкөнүн кен казуу тармагындагы продукцияны өндүрүү көлөмү 19,8 млрд. сомду түздү, пайдалуу кенди казуунун көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 8,1 %га өстү, өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү салыштырмалуу салмагы 7,9 %ды түздү.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү бүгүн, 10-апрелде тараткан маалыматта айтылат.

Былтыркы жылы кен казуу тармагындагы продукцияны өндүрүү көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 8,1 %га өстү, өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 7,9 %га жетти.

Көмүр казуу 2017-жылга салыштырмалуу 430,9 миң тоннага көбөйдү жана 2,9 млрд сом суммада 2 306,4 миң тоннаны, же 125,2 %ды түзгөн.

2018-жылы чийки нефтини жана жаратылыш газын казуу 4,1 млрд. сомду түздү (2017-жылдын тиешелүү мезгилине карата 117,5 %), мында 200 миң тонна нефти жана 27,3 млн м3 жаратылыш газы алынды, өткөн жылга салыштырмалуу көбөйүү – тиешелүү түрдө 18,1 % жана 5 %.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча металл рудалары 11,9 млрд сом суммасында алынды, өнөр жайдагы салыштырма салмагы 4,7 %ды түздү.

Былтыркы жылы кен казуу тармагынан мамлекеттик бюджетке жалпы түшүүлөр 1 865,0 млн. сомду түздү жана 2017-жылга салыштырмалуу 215,6 млн. сомго көбөйдү.

Copyright © 2017 Maral FM