Биз менен байланышыңыз

КСДП: Атамбаев лидерликти Абдрахмановго алдырып ийди

Саясат | 3 Апр 2019 | 1210 | 0

Бүгүн, 3-апрелде КСДП партиясынын кезектеги XVIII съезди болуп өттү. Негизги маселе партиянын уставын өзгөртүү жана партия төрагасынын отчетун угуу делингени менен, жыйынга катышкан партиянын делегаттары жаңы төраганы шайлоого да жетишти.

Бишкекте өткөн КСДП партиясынын кезектеги съездине 400дөй делегат, коомдук ишмерлер, саясий ишмерлер чакырылган. Эң негизги маселе катары партия төрагасы Алмазбек Атамбаевдин отчетун угуу жана партиянын уставын өзгөртүү каралган. Бирок Алмазбек Атамбаев съездге келбегенине  байланыштуу «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеп жүргөн Сагынбек Абдрахмановдун баяндамасы угулду.

— Тарыхый съездге Алмазбек Атамбаевди чакырсак да келбей койгону өкүндүрбөй койбойт. Ушул жерге келип таарынычы болсо айтып, кылган катачылыгы үчүн элден кечирим сураса болмок. Атайын отуруп, сүйлөшүп, кеңешип алсак болмок.

Съезддин жүрүшүндө аймактардан келген делегаттар, партия мүчөлөрү өз ойлорун билдиришип, талкуулар болду. Жыйындын катышуучулары партиянын жаңылануу учуру келди деген пикирлерин билдиришти. Партиянын Жалал-Абаддагы координатору Жылдызбек Турганов азыркы өтүп жаткан съездде карапайым элдин ролу чоң экенин белгиледи.

— Партия бирөөнүн менчиги эмес. Дайыма жаңыланып турушу керек. Жаңы ойлор, жаңы пикирлер дайыма керек. Мына «Атамбаевсиз КСДП» аймактарды кыдырып жүргөндө, жалаң гана карапайым калк катышты. Мен ошого ыраазымын.

Съезддин жүрүшүндө делегаттар тарабынан кошумча сунуштар киргизилип, учурдагы төрага Алмазбек Атамбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу сунушталды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, Сагынбек Абдрахманов төрага болуп шайланды. Буга чейинки «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы максатына жетти деген Абдрахманов аны талапкер катары көрсөтүүгө Асылбек Жээнбеков, Иса Өмүркуловдордун колдоосу түрткү болгонун жашырган жок.

— Мени колдогонуңар үчүн ыраазымын. Мага чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Чынын айтканда, төрагалыкка менден да татыктуу уул-кыздар бар эле. Маселен, Иса Өмүркулов, Асылбек Жээнбековдор. Бирок алар өздөрүнүн талапкерлигин алып салышып, сен татыктуусуң дегени мени шыктандырды.

Ал арада экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өтө турчу КСДПнын съезди 6-апрелге белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM