Биз менен байланышыңыз

Абиш Халмурзаев: Эл алдында жүзүм жарык

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 1409 | 0

Абиш Халмурзаев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турганда эл үчүн татыктуу иштеп берген, баткендиктердин алдында жүзү жарык. Бул тууралуу өзү «Марал» радиосуна билдирди.

-Эми мага кандай жумуш берилерин премьер-министр өзү чечет. Биз колдон келишинче жакшы иштеп бердик. Элдин арасында жүзүбүз жарык. Балдар иштесин.

Ал облусту жетектеп турган учурда токтоп калган көп ишканаларды кайра ишке киргизгенин жана бир катар айыл чарба багытындагы иштерди аткарганын айтты.

Кошумчалай кетсек, 1-апрелде Абиш Халмурзаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен кызматтан алынган. Ал Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2016-жылы дайындалган. Анын ордуна Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров барды.

Copyright © 2017 Maral FM