Connect with us

Түркия: жергиликтүү шайлоодо бийликтин АК партиясы алдыда келатат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 651 | 0

Түркияда кечээ 31-мартта өткөн муниципалдык шайлооонун жыйынтыктары чыгарылууда.

Өлкөдө добуш берилген бюллетендердин 99 %ы саналып бүттү. Бюллетендерди саноо secim.aa.com. сайты аркылуу онлайн көрсөтүлүп жатат.

Андагы маалыматка ылайык, «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы (АК партия) 44.42% добуш менен алдыда келатат. Республикалык Элдик партиясы 30.07 % добуш топтоп экинчи сапка жайгашты. Ал эми Элдердин Демократиялык партиясы («Жакшы партия») 7,46 пайыз добуш менен үчүнчү орунда.

Шайлоодо жалпысынан 47,784,882 добуш берилген. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы катышуу 84.52 % болгонун кабарлайт.

Өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдун Үскүдар районундагы Саффета Чеби башталгыч мектебиндеги шайлоо тилкесинен добуш берген.

Copyright © 2017 Maral FM