Connect with us

«Өлкөдө бийликтин тең салмактуулугу сакталышы кыйын»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Мар 2019 | 645 | 0

Кыргызстанда бийлик бутактарынын арасында тең салмактуулук сакталышы кыйын. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө алдыга жылышы үчүн бийлик бутактары консенсуска барып турушу зарыл.

«Биз бир тараптуу башкарууга, тагыраагы, же парламенттик, же президенттик башкарууга келишибиз керек. Президенттин колунда Башкы прокуратура, УКМК, күч органдары турган убакта президенттик аппарат менен өкмөттүн, ЖКнын ортосундагы тең салмактуулук боюнча ойлонбой эле коюу зарыл», — дейт Казакбаев.

Эл өкүлү Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы ар дайым болуп келгенин белгиледи.

«Бирок Баш мыйзамды өзгөртүү зарыл деп айтуудан уялам. Жакшы жетекчи жаман мыйзамды иштетип кетип, жыйынтыгын берет. Иштей албаган жетекчи жакшы мыйзам менен да иштей албайт. Кайрадан эле башаламандыкка барабыз. Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн орнотобуз десек, башкаруу системасынын бир тарабын тандап алышыбыз керек», — дейт эл өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM