Биз менен байланышыңыз

Конго мамлекетинде Эбола дартына чалдыккандар миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 830 | 0

Африканын Конго өлкөсүндө Эбола вирусун жуктургандардын саны миңден ашты. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин РИА новости маалымат булагы жазып чыкты.

Адам өлүмүн алып келүүчү ооруну жуктургандар буга чейин 927 экени жана 584 адам каза болгону кабарланган.

“Эпидемия башталгандан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 1009га жетти. Мунун ичинде 944 учур так аныкталган, ал эми 65 учур оору жуктурулган деп шектелгендер бар”, — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Мындан сырткары расмий маалыматтар боюнча 629 киши каза болуп, 321 адам дарттан сакайган. Ошондой эле 240 адам ооруну жугузуп алган деген шек менен иликтенип жатат.

Эбола жугуштуу оорусу Конго Демократиялык Республикасында 2018-жылы каттала баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM