Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ипотека менен кантип кезек күтпөстөн үй алса болот?

Блог | 24 Окт 2024 | 210 | 0

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу мамлекеттик ипотекалык үйлөр туураалуу жарандардын суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкек шаарында мурда кезекте турган жарандар үчүн 2 500 үй чарчы метри 650 АКШ доллары менен берилет.

Ошондой эле Бишкек шаарында 9 895 батир курулуп жатат. Ал эми жалпы өлкө боюнча 610 көп кабаттуу үй же 32 772 батирдин курулушу жүрүп жатат.

-Кантип баштапкы төлөмү жок мамлекеттик ипоекта алса болобу? Ошондой эле 50%зын төлөп кезекке турбай эле алса да болобу?

-50% төлөм менен үлүштүк пайыз боюнча президенттин буйругу чыккан. Ошонун негизинде миграцияда жүргөн жана Кыргызстанда базарда иштеген, соода-сатык менен алек болгон жарандарга 50%дык төлөмдү төлөп, калган 50%зын 15 жылга бөлүп төлөө менен кезексиз түрдө алса болот. 50% үлүш менен алган жарандар ипотеканы жылдык 8% менен алат, ал эми кезек күтүп алган жарандарга жылдык 4% менен берилет. Бишкек шаарында үлүштүк пайыз менен берилген батирлердин чарчы метри үйдүн жайгашкан аймагына жараша баасы өзгөрөт.

-Мамлекеттик ипотекалык үйдүн төлөмүнүн 50%ын дароо төлөгөн жарандар канча убакытта үйлүү боло алат?

-Эгер 50%зын төлөп мамлекеттик ипотекадан үй алам дегендерге, 50%ын төлөп, каалаган жерден, каалаган үйдөн тандап алсаң болот. Бирок, бул жылы мындай шартта бериле турган батирлер жок. Кийинки жылдан баштап бул шарт менен бериле баштайт.

-Бишкек шаарынан тышкары кайсы аймактарда мамлекеттик ипотекалык үйлөр курулуп жатат?

Бишкек шаарынан тышкары Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облусунда жана Ош, Нарын облустарында курулуш жүрүп жатат.

-Кезек келгенде акчанын ордуна унаа берсе болобу?

Мамлекеттик ипотекада айырбаштоо кызматы жок. Накталай акча менен гана эсептелинет.

-Москвада иштеген мигранттар мамлекеттик ипотекага катталса болот?

Москва шаарында жашаган мекендештер ВДНХ да 1-ноябрдан тарта Мамлекеттик ипотеканын кызматкери иштей баштайт. Ошол жерге келип, маалымат алып, катталсаңыздар болот.

-«Жолдошумдун атында айылда үй бар. Бирок биз шартка байланыштуу Бишкекте турабыз. Ошол үйдү сатып, 50% төлөмдү төлөп, ипотекага үй алсак болобу?».

-Жок, тилекке каршы мамлекеттик ипотекалык үйлөр буга чейин такыр кыймылсыз мүлкү болбогон жарандар үчүн берилет. Ошондой эле эгер мурда ага катталган үй бар болуп, аны саткан болсо, арадан 3 жыл убакыт өтүшү керек. Сиз айылдагы үйүңүздү сатып, ошол убакта мамлекеттик ипотекага каттоого турсаңыз, анда сиздин кезек же арыз үч жылдан кийин гана каралат.

-Мамлекеттик ипотекадан үй алуу үчүн кандай документтер керек?

-Учурда баардык документтер электрондук түрдө Түндүк тиркемеси менен жүргүзүлөт. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында толук маалымат бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM