Биз менен байланышыңыз

Элчилик: мектептеги маселе териштирилүүдө

Коом , Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 1240 | 0

“Манас” университетинин аймагында жайгашкан мектептеги директордун ыдык көрсөтүүсү боюнча Түркиянын элчилиги билдирүү жарыялады. Анда бул маселе боюнча ыкчам түрдө иликтөө иштери башталып, окуу жайдын мүдүрү жана орун басарлары кызматтарынан четтетилип, булардын ордуна жаңы убактылуу жетекчилик келгени айтылат.

Ошондой эле Түркиядан келе турчу текшүрүүчүлөр аркылуу зарыл болгон текшерүү иштери жүзөгө ашырылат.

Мындан тышкары, бул маселе боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдары менен тыгыз кызматташтык жүргүзүлүп жатканын, керектүү бардык маалыматтар, документтер берилгенин жана көмөк көрсөтүлүп жатканы кошумчаланган.

Бул маселе боюнча улуттук коопсуздук мамлекеттик башкармалыгына байланышканыбызда, келип түшкөн арыз Башкы прокуратурага өткөрүлгөнүн билдирди.

Мурунку Билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиевдин айтуусунда, бул окуя жалгыз эмес. Республика боюнча Териштирүү иштери жүргүзүлсө,  мынданда жаман жагдайлар чыгары толук мүмкүн.

-Бул чаржайыт болуп кеткени баарыбызга эле белгилүү. Кээ бири лицензия алса, кээ бири албайт. Мени таң калтырганы мындай мектептер Бишкекте эле эмес, Кыргызстан боюнча көбөйгөн. Системалуу түрдө текшерип, инспекциялык иштерди аткарчу болсо, мындан да жаман көрүнүштөр чыгарына жүз пайыз ишенем.

Ал эми эл өкүлү Тазабек Икрамов окуя кайра кайталанбоосу үчүн айыптуулар катуу жаза тартылуусу керек. Ошондой эле Ички иштер министрлиги мектептер менен тыгыз иш алып баруусу зарыл.

-Кыргызстандын мыйзамы менен жооп бериши керек. Жазалоо зарыл. Кайра мындай окуялар кайталанбай турган кылып, мыйзам чегинде жоопко тартылууга милдеттүү. Психикалык жактан балдарга катуу сокку болду. Мындай окуяларды алдын алабыз десек, ар  бир мектептерде кыдырып жүргөн айымактык милиция болушу керек. Мындан сырткары мектептердеги «дедовщина», уруш-жаңжал, мугалимдер тараптан ыдык көрсөтүү жана башка ушул сыяктуу маселелердин алды алынмак.

Кошумчалай кетсек, 21-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина “Манас” университетинин аймагында жайгашкан мектептеги кырдаал боюнча жалпы жыйында айткан. Анда окуу жайдын лицензиясы жок экенин, ал жердин мүдүрү Амир Айдын балдарга ыдык көрсөткөнүн да белгилеген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM