Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад облусунда бир айда 30 өрт кырсыгы катталды

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 561 | 0

2019-жылдын январь айында Жалал-Абад облусунда 30 өрт кырсыгы катталды. Катталган өрт кырсыктары жалпысынан 3 млн 254 миң 334 сомдук зыян келтирди. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринен улам 11 атуул жана 7 млн 83 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Көпчүлүк өрт кырсыктары турак-жай секторунда катталган. Өрттүн биринчи келип чыгуу себеби от жагуудан улам катталгандыгын эске алынып, ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын адистери тарабынан профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM