Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 19-октябрга караган түнү жана күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт.
Бийик тоолуу унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу түнкүсүн +2… + 7, күндүз +21…+26,
Талас облусу түнкүсүн +1… + 6, күндүз + 19 … +24
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5… + 10, күндүз +21…+26,
Ысык-Көл облусу түнкүсүн 0 … + 5, күндүз +11 … +16,
Нарын облусу түнкүсүн -3…+2, күндүз + 13 … +18.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +23…+25 градус болот.