Биз менен байланышыңыз

Тоо-кен иштеткен ишканалар көбөйдү

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 531 | 0

Коопсуздук кеңешинин жыйынында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов тоо кен өнөр жайы ишканаларына берилген лицензияларды саны көбөйгөнүн билдирди. Анын айтымында, 2013-жылы 40 компания кайра каттоодон өтсө, 2018-жылы 342 компания лицензиясына жаңылаган.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 30-январда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кенешинин жыйыны өтүүдө. Анда күн тартибинде «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралып жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM