Биз менен байланышыңыз

Бишкекте көмүрдүн баасы арзандады

Коом | 18 Дек 2018 | 1524 | 0

«Кыргызкөмүр» ишканасы калкты көмүр менен 95 пайыз камсыз кылды. Быйылкы жылга аталган ишкана 450 миң тонна көмүрдү казууну планга койгон. Бүгүнкү күндө 420 миң тонна өлкөгө берилип, дагы планга жетүү үчүн 30 миң тоннасы калды. Азыркы тапта Бишкекте көмрдүн баасы 2800-3300 сомдон сатылууда. 

Өлкөдө кыш түшө электе эле Бишкекте көмүрдүн баасы төрт миң сомдон ашкан. Мунун себебин сатуучулар жолдун абалынын начардыгы менен байланыштырышкан. Ушул тапта көмүрдүн баасы түшүп, турукташкан.

Борбор калаанын тургуну Сейит Айбашев көмүр алуу үчүн атайын пункттарга келген. Кардар баа арзандап калганын жана Кара-Кеченин көмүрүнүн сапаты жакшы экенин белгиледи.

-Кыш катуу деле боло элек. Бирок бир айга жете турган кылып көмүр сатып алууга келдим. Баасы бизди канаатандырат. Дайыма ушул жерден сатып аламын. Анткени сапаты абдан жакшы.

Монополияга каршы кызмат көмүрдүн алгачкы баасын тоннасына 1300 сом деп белгилеген. Көмүр Бишкекке жеткирилген соң наркы дароо үч эсеге жогорулайт. Ушул күндөрү борбор калаада Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 2800-3300 сомго чейин бааланууда.

Өткөн жылга салыштырмалуу, быйыл сатып алуучулардын саны аз экенин көмүр ташуучулар айтышат. Алардын бири Доктурбек Имаковдун айтымында, баа арзан болгону менен жаңы конуштарда кабы менен саткандар көбөйүп кетти.

-Баалар 3500 сомго чейин болуп жатат. Азыр сатып алуучулар аз. Эртеден бери эч ким көмүр сатып алган жок. Учурда жаңы конуштарда ар бир үйдө кап менен көмүр сатып калышты. Аларды эч ким тыя албайт да. Көмүрдү эрте алып койгондор да бар.

«Кыргызкөмүр» ишканасы калкты көмүр менен 95 пайыз камсыз кылды. Быйылкы жылга аталган ишканага 450 миң тонна көмүр казуу тапшырмасы берилген. Бүгүнкү күндө 420 миң тонна өлкөгө берилип, планга жетүү үчүн дагы 30 миң тоннасы калды. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ишканасынын директорунун кеңешчиси Кубат Токонов билдирди.

Анын айтымында, алдыда көмүрдүн баасы көтөрүлбөйт. Анткени кара алтындын запасы көп. «Кыргызкөмүр» ишканасына «Кара-Кече» кенинен ган көмүр алынып келинбейт.

-Мамлекеттик ишкана 14 уюм менен иштешет. Көмүр казып алуучу кендер тазалоо жумуштары болуп жатат деп жабылып калбайт. Күнү-түнү ачык турат. Кардарлар каалаган күнү барып жүктөп кетсе болот. Бизде көмүрдүн запасы абдан кенен. Үч-төрт айга чейин кенин эле жетет. Эл камсанабай эле койсо болот. Баа эч качан көтөрүлбөйт. 30 миң тоннаны жаңы жылга чейин казып, өткөрүп беребиз.

Ал эми өлкө боюнча 2018-2019-жылдын күз, кыш айларында 1 млн 100 миң тонна көмүр керектеле турганы айтылган. Ушул тапта Кыргызстан көмүр менен 85 пайыз камсыз болгону айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM