Биз менен байланышыңыз

Жапаров: экс-президенттер саясат менен алектенбесин

Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 842 | 0

Экс-президенттер саясат менен алектенбесин, ошондой эле өкмөттүк иштерге аралашпасын. Мындай сунушун депутат Акылбек Жапаров парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Ал мисал катары Германиянын канцлери Ангела Меркелди келтирип, партиядан да, жакында мамлекет башчылыктан да кетип, саясаттан алыстоо ниетин келтирди.

-“Экс-премьер-министр, президенттер, төрагалар, бир жолу кызматтан кеткенден кийин концертиңерди токтоткула. Китеп жазгыла, айылга барып, ал жакты көтөргүлө”,-деген ой.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеш экс-президенттердин статусун алуу боюнча долбоорду кароодо.

Copyright © 2017 Maral FM