Жер астындагы сөөлжандарды багып органикалык жер семирткич өндүрүү ыкмасы Кыргызстанда анчейин жайылган эмес. Бирок бул ыкма Америка жана Европа өлкөлөрүндө кеңири жайылган. Илимий аталышы биогумс деп аталган жер семирткич бүгүнкү күндө бир гана Баткен облусунун Кадамжай районунда өндүрүлөт.
Кадамжай районунун тургуну, айыл чарба адиси Райхан Салиева Америка Кошмо Штаттарынан калифорниялык сөөлжандарды алып келген. 40 жылдан бери кызыл сөөлжандарды багып, алардан органикалык жер семирткич-биогумсту өндүрөт. Алгачкы 1 млн даана сөөлжаны учурда миллиарддап көбөйгөн. Фермердин айтымында, табигый түшүм алуу үчүн биогумстун ролу чоң.
-5 сотых жерде 1 миллиарддан ашуун сөөлжан бар. Сөөлжандардын жашоосу үчүн шарт түзүп, атайын чуңкур казып, технологияны эң туура пайдаланып, сөөлжандарды багып келем. Кыргызстандагы сөөлжан баккан жалгыз киши мен деп айтсам жаңылышпаймын. 2018-жылда дыйкандарга 94 тонна биогумс чыгарып бердим. Бүгүнкү күндө да 45 тонна биогумсту даярдап койдум. Оштон кардар келип алып кетет.
Сөөлжан 50 жыл жашоочу жандык болуп, жумасына 27 эсеге көбөйүп турат. Ошондуктан миллиарддан ашык сөөлжан 1 айда 20 тоннага жакын биогумсту даярдашат. Биогумс органикалык жер семирткичи арзан жана экологиялык жактан таза. Муну түшүнгөн дыйкандар өлкөбүздүн ар тарабынан келип алып кетишет. Алардын бири Жалал-Абад облусунун тургуну Каныбек Баратов.
—Биогумсту издештирип Райхан эжени таптык. Атайын Ала-Бука районунан ушул жака келдик. Мунун айырмачылыгы жердин кыртышын байытат экен. Түшүмдүүлүктү жогорулатып берет экен.
Акыркы 50 жылда Кыргызстандагы жерлер минералдык жер семирткичтер менен химиялаштырылып күчүн жоготууда. Эгерде дыйкандар тез арада органикага өтпөсө анда өлкө аймагында өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары экспортко чыкпай калышы мүмкүн. Анын жалгыз жолу- биогумс жер семирткичин колдонуу керек,-дейт.
-Бүгүнкү күндө оорунун түрү көбөйүп кетти. Ал эле эмес эненин курсагындагы ымыркайларда коркунучтуу оору менен төрөлүп жатышат. Ошонун негизги себеби минералдык жер семирткичтердин өсүмдүктөргө көп колдонуу менен нитраттардын саны нормадан жогору болуп, зыяндуулугу артып жатат. Ошондой эле жердин гумсун жоготуп алдык. Биз бул көйгөйдү чечүүбүз керек. Бизде бул мүмкүнчүлүк бар. 10 жыл аралыгында биогумс аркылуу жерди кайрадан семиртип алсак болот.
Ал эми айыл чарба адиси Адыгапар Абдрахманов да биогумстун өсүмдүктөргө пайдасы зор экендигин айтат. Айтымында, минералдык жер семирткичтерде пайдасы менен зыяндуулугу кошо болсо, биогумста эч кандай зыяндуулук болбостон, түшүмдүүлүктү арттырат.
-Жашылча жемиштерди өстүрүүдө биоорганикалык жер семирткичтердин арасында биогумстун пайдасы өтө жогору. Анткени анда макро элементтердин бардык составы бар. Ошондуктан биогумс менен өстүрүлгөн өсүмдүктөр түшүмдүүлүктү жакшы берет.
Сөөлжан багып биогумс өндүрүү ыкмасын фермер Салиева ар бир үй-бүлөгө сунуштайт. Анткени ага эч кандай техниканын кереги жок. Болгону өздөрүндөгү калдыктарды колдонушат. Айтымында, сөөлжандар таштанды талаадагы акыр чикирдин 70%ын жей алат. Ошондуктан тиешелүү тармактар да колдонсо экологияга чоң таасирин тийгизмек.