Connect with us

Кант диабети бар балдарга мектеп «мээримин төкпөйт»

Ден соолук | 14 Ноя 2018 | 2016 | 0

14-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк кант диабети менен күрөш күнү. Дүйнө жүзүндө 422 млн киши кант диабети менен жабыркаса, Кыргызстанда алардын саны 55 миңден ашуун. Ал эми бул дартка чалдыккан жаш балдардын саны 400дөн ашат.

Гүлнур айым өз баласы кант диабетине чалдыкканга чейин бул дарт менен жаш балдардын да ооруй турганын билген эмес. Бул боюнча маалыматы да жок болчу. Эки жыл мурда баласынын шайы кетип, суусап, арыктап, көп заара кылганын байкап, анализ тапшырышкан. Ошондо баласы кант диабетине чалдыкканын билишкен. Андан бери баласы инсулинге көз каранды болуп жашап келет.

ектепке аларда баламдын диагнозун уккандар «биз жоопкерчиликти ала албайбыз» дешти. Оорусуна байланыштуу 7 жашында мектепке бара албай, 8 жашынан барган. Азыр балам сабакта болгондо сыртта күтүп отурам. Танапис болгон сайын кирип канындагы кантын өлчөйм. Түшүп кетсе сок берип, көбөйсө инсулин саям. Азырынча өзү аны жасай албайт.

Маалыматтарга ылайык, 2018-жылдын январь айынан бери 52 бала кант диабетине чалдыккан. Өлкө аймагы боюнча биринчи типтеги кант диабети менен 3 миңден ашуун киши ооруйт. Алардын 400ү 14 жашка чейинкилер болуп саналат. Бул балдарга бала бакча, мектептерде шарттар жакшы каралбагандыктан ата-энелер биригип, өз алдынча иштерди жасап келишет. Маселен, “Диабетсиз балалык” коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурхан Жумабаеванын кызы да кант диабите чалдыккан. Балдар үчүн жакшы шарттар болсун деп атайын бала бакча да ачышкан. Бирок өкүндүргөнү мындай шарттар борбор калаада гана болуп жатат. Анда дагы жеке менчик мекемелерде шарттар каралган.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде шарттар болуш керек. Анткени биздин балдар да эл катары бала бакчага барууга укуктуу. Ошондой эле биздин мамлекеттик билим берүү мекемелеринде шарттар каралган эмес. Кант диабети бар окуучулар канындагы канттын даражасын коридорлордо, дааратканаларда өлчөшөт. Талап боюнча атайын медициналык бөлмөлөр болуш керек. Кантын өлчөп жатканда да медайым көзөмөлдөп турушу абзел.

Бул балдар дайыма инсулинге көз каранды болуп жашашат. Аларга айына белгилүү өлчөмдө ийне, инсулин мамлекеттен берилет. Бирок ал жетпеген учурда ата-энелер өздөрү атайын буйрутма менен сатып алышат.

-Бир айга 30-50 ийне берет,  ар бир балага жашына жараша доза бөлүнөт. Бирок ал да жетпейт. Анткени балдар тамак жеген сайын ийнесин алмаштырасың. Айла жок өзүбүз да кошумча алабыз. Орусиядан, Казакстандан 1500 рублдын тегерегинде сатып алабыз.

Балдар 1-типтеги кант диабети менен оорушат. Ал менен кичинекей наристеден тартып 30 жашка чейинкилер ооруп калышы ыктымал. Дарыгерлердин айтымында, 2-типтеги диабетке салыштырмалуу 1-типтеги кант диабетин алдын алуу кыйыныраак. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы эндокринологиялык борбордун бөлүм башчысы Кайыргүл Жоошбаева бала эгерде суусап, шайы кетип, арыктап жатса өз убагында кайрылуу керектигин айтат. Анткени булар 1-типтеги кант диабетинин белгилери болушу ыктымал.

Көпчүлүгү аутоиммундук жол менен уйку бездеги бета клеткалар талкаланып калып, ошол себептен инсулин бөлүнүп чыкпай калат. Мында тукум куучулук да себеп  болушу мүмкүн. 1-типтеги кант диабетинен эч ким кепилдик ала албайт. Анткени бул оору бат өнүгөт. Ал эми экинчи тибинде көп салмактуулук жашоо образына байланыштуу болгондуктан көзөмөлдөө мүмкүн.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 422 миллион киши диабеттен жабыркайт. 2030-жылга карата кант диабети дүйнө жүзүндөгү өлүмдүн жетинчи себеби болушу мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM