Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлайт.
Учурда ашууда катуу кар жаап, жол тайгалак болууда. Кардын калыңдыгы 7-8 см. Адистер кум, туз себишип, жолду тазалашууда. Жол жеңил унаалар үчүн ачык.
Өтмөк ашуусунда кардын калыңдыгы 12-13 см, Ала-Белде 6-7 см болууда.