Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кенешинин кийинки жыйыны Түркмөнстанда өтөт. Бул тууралуу 2-ноябрда Астана өтүп жаткан жыйындын алкагында тажик премьер министри Кохир Расулзода билдирди.
Ал учурда өтүп жаткан жыйынга төрагалык кылууда. Расулзода Казакстан бийлигине түзүп берген жакшы шарттары үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.
Эске сала кетсек, КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны бүгүн Казакстандын Астана шаарында өтүүдө.