Экономист, Жумакадыр Акенеевдин сөөгү 17-августта “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. Анын тажыясы Бишкектеги Айтматов көчөсүндөгү үйүндө өтмөкчү.
Эске салсак, экономика илимдеринин доктору, профессор Акенеев 64 жашында дүйнө салды. Ал 1993 — 1997-жылдары Улуттук статистикалык комитетин, 1997 — 1998-жылдары Айыл жана суу чарба министрлик кызматын аркалаган.
Анын артында үч уул, эки кыз калды.