Бүгүн Бишкекте окуу китептериндеги каталар боюнча маселе талкууланды. Себеби буга чейин география жана табият таануу китептеринен интернеттен алынган сүрөт, эскирген маалыматтар жана грамматикалык каталар табылган.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 5-6-класстын китебин чыгарган басмакананын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Анда “Билим-компьютер” басмаканасы «География» жана «Естествознание»...