Connect with us

Байсалов: Өкмөттүн Бишкектеги Лелиндин эстелигин алуу планы жок

Кыска кабар | 16 Янв 2025 | 82 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөттө Бишкектин эски аянттагы Лениндин эстелигин алуу боюнча планы жок экенин билдирди. Бул туралуу Байсалов X баракчасына жазды.

«Ала-тоо аянтындагы Владимир Ильич Лениндин эстелигинин статусу мыйзам менен 2000-жылы бекитилген, мындан улам ал эски аянтка көчүрүлгөн. Лениндин эстеликтерин демонтаждоого биринчи болуп Турдакун Усубалиев каршы болгон. Министрлер кабинетинин бул маселени демилгелөө планы жок»,-деп жазган.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев парламенттин 15-январдагы жыйынында эски аянттагы Лениндин алып, ордуна Турдакун Усубалиевдин эстелигин коюу сунушун берген.

Парламенттин 16-январдагы жыйынында депутат Исхак Масалиев Бишкекте Лениндин эстелигинен башка да маселе көп экендигин айтып, Лениндин эстелигин алуу маселесин козгобой турууну сунуштаган.  

Эски аянтка 2020-жылы Турдакун Усубалиевдин аты берилген.

Copyright © 2017 Maral FM