Connect with us

2025-жылы кыргызстандыктарды кандай өзгөрүүлөр күтөт?

Блог | 29 Дек 2024 | 539 | 0

Кыргызстандыктарды 2025-жылы бир катар өзгөрүүлөр жана маанилүү окуялар күтүп турат. «Марал» радиосу 2025-жылга пландалган жаңы эрежелер, иш-чаралар тууралуу маалыматтарды топтоду.

Мунайзаттарды маркировкалоо башталат

2025-жылдын 1-январынан тартып маркасы жок күйүүчү майды жүгүртүүгө тыюу салынат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өндүрүлгөн бензин менен дизелдик отунду милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген. Бул эреже контрабандалык жол менен ташылган күйүүчү майларга каршы күрөшүү жана анын сапатын жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Бензиндин ар бир литрине бир сомдон кошуп төлөнө баштайт

2025-жылдын 1-январынан тарта жолдорду оңдоо үчүн күйүүчү майдын ар бир литринен бир сомдон алына баштайт. Ал каражат Жол фондуна топтолуп, өлкөдөгү жолдорду оңдоого, салууга жумшалат. Тиешелүү «Жол фонду жөнүндө» мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Мыйзамдын максаты — жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунун жана жалпы жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу, андан ары ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү болуп саналат. Жыйымдар бензин жана дизель отунун импорттоочу жана/же өндүрүүчү субъекттер төлөйт.

ОСАГО: Айыппул салуу жарым жылга жылдырылды

Автоунаалардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полиси жок болгондугу үчүн айып салуу мөөнөтү 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-июлуна жылдырылды.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 690 миң унаа катталан, анын 108 миң 500ү гана камсыздандырылган. Автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.

Казакстанда кыргызстандык автоунааларды каттоого чектөө киргизилет

Бул маанилүү өзгөрүү автоунааларды реэкспорттоо менен алектенгендерге да таасирин тийгизет. 2025-жылдын 1-январынан тарта Казакстан Кыргызстан аркылуу алып келинген автоунааларды баштапкы каттоону токтотот. Буга транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун интеграциясынын жоктугу себеп катары көрсөтүлгөн. Учурда бул маселени чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Маалыматтар боюнча 2025-жылдын июль айында өлкөлөрдүн ортосунда тиешелүү макулдашуу түзүлүп, ишке ашары күтүлүүдө.

Орусияда мигранттарга карата чаралар күчөтүлөт

Бул өзгөрүүлөр Орусияда иштеп жана жашап жаткан кыргызстандыктарга да таасирин тийгизет. 2025-жылдын 1-январынан тарта Орусия Федерациясынын жаңы федералдык мыйзамы күчүнө кирет, ал чет элдик жарандардын Орусия аймагында уруксат берүүчү документтери (РВП, ВНЖ, эмгек келишими ж.б.) жок болгон учурда, бир календардык жыл ичинде 90 күндөн ашык болуусуна чектөө коёт. Миграциялык тарыхты нөлгө түшүрүү максатында чыгып-кайра кирүү практикасы токтотулат. 5-февралдан баштап, Орусияда мыйзамдуу негизде жүрүүгө укугу жок чет элдиктер үчүн «депортация режими» киргизилет. Белгиленген талаптарды аткарбоо депортацияга алып келип, көзөмөлдөгү адамдардын реестрине киргизүүгө себеп болот.

12 жылдык жалпы билим берүү системасы ишке ашат

12 жылдык окутуу системасына өтүү боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Ишке ашыруунун негизги этаптары: Старттык этап – 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй башташат.

Мектепке чейинки мекемелерде жана мектептерде “Наристе” программасын өткөн балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтүшөт. Эч ким классты бир жолудан ашык аттабайт. Бардык өтүүлөр 2025/2026-окуу жылынан 2027/2028-окуу жылына чейин болот.

2025/2026-окуу жылында 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2015-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт. 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2012-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.

Бала бакчадагы тарбиячылардын айлыгы көбөйөт

Кыргызстанда 2025-жылы бала бакчалардагы тарбиячылардын айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу министрлик билдирген. Каражат 2025-жылдын бюджеттик планына киргизилген. Азырынча канча пайыз көтөрүлө турганы жана так датасы айтылган эмес.

Билим берүү министрлиги экиге бөлүнөт

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Элдик Курултайда кабарлады. Ведомство эки министрликке: мектеп жана мектепке чейинки билим берүүнү көзөмөлдөй турган Билим берүү министрлигине жана өзүнчө Жогорку билим берүү жана илим министрлигине бөлүнөт.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча документке кол коюлат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январь айынын ортосунда киргизилерин айтты. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында билдирди. Декабрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасы жыйынтыкталган.

Имамдарга айлык бериле баштайт

2025-жылдын март айынан тарта мечит имамдарына айлык акы төлөнөт. Ага ылайык, ар бир айылдын имамына 8 миң сомдон бериле баштайт. Ал эми жылдын аягына барып алар 20 миң сомго жакын айлык ала башташат. Президент Садыр Жапаров имамдарга бериле турган айлык акы бюджеттик каражаттан бөлүнбөй турганын айткан.

Электр энергияга болгон баа көтөрүлөт
2025-жылдын май айынан тарта электр энергиясы дагы кымбаттайт. Министрлик жыл сайын май айында электр энергияга болгон баа көтөрүлөрүн буга чейин да айткан. Тарифтердин жыл сайын көтөрүлүшү инфляциянын деңгээлине жана энергетикалык жабдуулардын баасынын өсүшүнө жараша болот жана болжол менен 15-20 пайызды түзөт. Болжолдуу эсеп менен 1,20-1,30 сом болот.

Араб өлкөлөрүнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизилет

Кыргызстан 2025-жылдын 4-январынан тартып Сауд Аравия Падышачылыгы, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар, Кувейт мамлекеттеринин, Оман Султандыгынын жана Бахрейн Падышачылыгынын жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган өлкөлөрдүн туристтик максатта келген жарандары Кыргызстандын аймагында 360 күндүк мөөнөттүн ичинде 180 күндүк мөөнөттө уруксат берүүчү документтерди албай жүрүү укугуна ээ болушат.

«Ала-Арча» паркынын ичине автоунаа киргизилбейт

2025-жылы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын ичинен автоунаа киргизилбейт. Мындай чара парктын экологиясын сактоо максатында көрүлүүдө. Парктын кире беришине 5 миң машинеге ылайыктуу унаа токтотуучу жай курулат, ал эми конокторду ташууга атайын экологияга зыян келтирбеген автобустар каттайт.

Электрондук тамеки жана вейптерге тыюу салынат

2025-жылдын 1-июлунан тарта электрондук тамекилерди жана вейптерди алып келүүгө жана колдонууга тыюу салынат. Эрежени бузгандар үчүн айып пулдар: жеке адамдар үчүн – колдонуу үчүн 10 миң сомго чейин, сатуу үчүн 20 миң сомго чейин, юридикалык жактар үчүн – колдонуу үчүн 60 миң сомго чейин жана сатуу үчүн 65 миң сомго чейин салынат. Чоң көлөмдө мыйзамсыз алып келгендер кылмыш жоопкерчилигине тартылат жана 200 миң сомго чейин айып пулга жыгылат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM