Connect with us

Тоолуу жана алыскы аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге 2 млн сомго чейин акча төлөнөт

Кыска кабар | 24 Дек 2024 | 229 | 0

Президент Садыр Жапаров бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын болгон алыскы аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку «Бала Береке» аталышындагы төлөм төлөө жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 2026-жылдан тарта төрөгөн көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бир жолку «Бала Береке» төлөмү берилет.

1) 4-балага – 100 000 (жүз миң) сом;

2) 5-балага – 600 000 (алты жүз миң) сом;

3) 6-балага – 800 000 (сегиз жүз миң) сом;

4) 7-балага – 1 000 000 (бир миллион) сом;

5) 8-балага – 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом;

6) 9-балага – 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;

7) 10унчу жана андан кийинки балага – 2 000 000 (эки миллион) сом берилет.

Бул төлөм бала бир жашка чыкканда төлөнөт. Министрлер Кабинети 6 айдын ичинде төлөмдү берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт жана каржылоо булактарын табат.

Copyright © 2017 Maral FM