Connect with us

УКМКнын чек ара кызматынын башчысы алмашты

Кыска кабар | 24 Дек 2024 | 240 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, өлкө башчынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кызматынан бошотулду.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Алимбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары – УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.

Ал эми Абдикарим Алимбаевдин ордуна президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Айбек Шаменов дайындалды. Ал буга чейин УКМКнын Антитеррордук борборунун жетекчиси боулп иштеп жаткан.

Чек ара кызматын буга чейин Уларбек Шаршеев жетектеп келген. Ал бул кызматта 2017-жылдан бери иштеп келди.

Copyright © 2017 Maral FM