Connect with us

Сириянын жаңы лидери: кыз-келиндердин билим алуусун чектебейбиз

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2024 | 242 | 0

Сириянын жаңы де-факто жетекчиси, мурун Мухаммед ал-Жалони деген аты менен таанымал Ахмад аш-Шараа Би-Би-Сиге маек берди.

Ал, Сирия согуштан чарчаганын жана коңшулары же Батыш үчүн коркунучтуу эмес экенин айтты.

Ахмед аш-Шараа ноябрдын аягында президент Башар Асадды бийликтен кулаткан козголоңчулардын башында турган «Хаят-Тахрир-аш-Шам» тобун жетектеген.

Ал Сириянын калыбына келүүсү үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосуна муктаж экенин жана негизсиз салынган санкциялар алынышы керектигин айткан.

«Санкциялар эски бийликке каршы киргизилген, эми аларды алып салуу убактысы келди. Зулумдук кылгандарга кошо жабыр тарткан жарандарды бирдей жазалоо адилетсиздик», — деди ал.

Сирия 2011-жылдан бери 300дөн ашык санкция пакетине дуушар болуп, Орусия жана Ирандан кийин дүйнөдө эң көп санкция салынган үчүнчү өлкө болуп саналат.

Аш-Шараа «Хаят-Тахрир аш-Шам» (HTS) эч качан террордук уюм болбогонун жана жарандарга кол салып, чабуул жасабаганын айтып өттү. Ошондой эле Сирия дагы Ооганстан сыяктуу болуп калбайбы?-деген суроого да жооп берди

«Сирия Ооганстан эмес. Биздин өлкөдөгү башкаруу тарыхыбыз да айырмаланып турат. Аялдардын билим алуусун чектейт деген кооптонуу негизсиз. Бизде аялдар үчүн билим алуу мүмкүнчүлүгү ачылган. Мисалы, биздин топ башкарган Идлибде университет бар. Андагы студенттердин 60%ы кыз-келиндер», — деген Сириянын жаңы лидери.

Ошондой эле Сирияда жаңы мыйзам жана Конституция негизинде саясий процесс башталганын айтып, аны юридикалык билими бар адамдар жазып жатканын жана анда Сириядагы бардык топтордун кызыкчылыктары эске алынарын кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM