Кыргызгидромет билдиргендей, 21-декабрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облусунда жаан-чачын болбойт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1,
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…-9.
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -2…-4 градус болот.