Өзбекстанда экономикалык сектордо иштеген 300гө жакын кызматкер жалкоолугу жана жумушуна жоопкерчиликсиз мамилеси үчүн иштен айдалды. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, экономикалык блоктогу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жыйынында Өзбекстандын президенти айрым кызматкерлердин ишин сындады. Ал мамлекеттик кызматкерлердин арасында өз жумушуна шалаакы мамиле кылгандар көп экенин, көйгөйлөрдү өз убагында чечпей келгенин айтты. Мындан улам жыйындын жүрүшүндө жалкоолук, шалаакылык жана пассивдүүлүк үчүн 297 кызматкер кызматтан бошотулган.
«Катуу эскертем:махаллага түшпөгөн, биздин элдин жана ишкерлердин маселелерин чечпеген жетекчи иштей албайт. Баарыңар өзгөрүшүңөр керек. Өзүңөр көрүп жатасыңар, дүйнөдө саясий жана экономикалык абал улам татаалдашып, жаңы коркунучтар пайда болууда. Эгер бүгүн буларга жооп таппасак, эртең кеч болуп калат», – деген Мирзиёев.