Connect with us

Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөт

Кыска кабар | 20 Дек 2024 | 236 | 0

2025-жылы Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Элдик Курултайда кабарлады.

Шакиев буга чейин мекемени кайра түзүү маселесин бир нече жолу көтөргөнүн эске салды. Президент Шакиевдин демилгесин колдоду.

«Бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлиги ири мекемелердин бири. Ал мектеп, мектепке чейинки, жогорку жана кесиптик билим берүү тармагын көзөмөлдөйт. Жалпысынан бул сегиз багыт.

Эки министр дайындалган күндө деле иш натыйжа бербейт. Мен бул маселени бир нече жолу көтөрүп, ведомствону эки министрликке: мектеп жана мектепке чейинки билим берүүнү көзөмөлдөй турган Билим берүү министрлигине жана өзүнчө Жогорку билим берүү жана илим министрлигине бөлүүнү сунуштадым.

Президент бул демилгени колдоду. Кечээ биз аны талкууладык, кийинки жылы жаңы ведомстволор – Жогорку билим берүү жана илим министрлиги менен Билим берүү министрлиги түзүлөт», — деди Шакиев.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM