Орусиянын Саратов облусунда 1-декабрда Toyota Sienna автоунаасы жол кырсыгына кабылып, бир адам каза болуп, бир нечеси жараат алган.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, автоунаада Кыргызстандын жарандары болгон.
Кырсык саат 02:20да Ершов — Озинки унаа жолунда, Наталино айылына жакын жерде болгон. “Тойота сиенна” үлгүсүндөгү минивэн жолдун четине чыгып аңтапрылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 27 жаштагы жүргүнчү каза болгон. Айдоочу жана беш жүргүнчү — эки эркек жана үч аял жараат алган. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилди.
Облустук прокуратуранын маалыматына караганда, кырсык болгон учурда унаада сегиз адам болгон. Кырсык боюнча иликтөө иштери башталды.