Connect with us

Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапары менен кетти

Кыска кабар | 2 Дек 2024 | 155 | 0

Президент Садыр Жапаров Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун чакыруусу менен 2-декабрда Сеул шаарына расмий сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Садыр Жапаров Кореянын президенти Юн Сок Ёль жана Улуттук ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусун талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын президенти жана Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуу да болот.

Мындан тышкары, мамлекет башчы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM