Connect with us

Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев акыркы сапарга узатылды

Кыска кабар | 26 Ноя 2024 | 219 | 0

Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстан УИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, белгилүү хирург Мамбет Мамакеев бүгүн, 26- ноябрда акыркы сапарга узатылды. Ал 97 жашында оорудан улам көз жумду.

Анын сөөгү «Ата-Бейит» улуттук тарыхый мемориалдык комплексине коюлду.

Мамакеевдин профессионалдык карьерасы 70 жылдан ашык убакытка созулуп, 30 миңдей операция жасаган. Ал 2020-жылы дүйнөдө өз кесибинде эн узак убакыт иштеген адис катары рекорд коюп, Гиннестин рекорддор китебине кирген. Ошол кезде, 2020-жылдын 29-февралындагы эсеп боюнча Гиннестин китебинде медицина жаатындагы эмгек жолу 67 жыл 181 күн деп белгиленген.

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган.

Мамакеев 200дөн ашык илимий эмгектин автору. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган. Hегизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу, ошондой эле бейтаптарга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган.

Дүйнөдөгү эң кары хирургдардын бири болгон. Ал 90 жаштан ашса да, ишин улантып келген. 

Copyright © 2017 Maral FM