Connect with us

Жумгалда Баткен окуясында курман болгон жоокерге эстелик орнотулду

Кыска кабар | 25 Ноя 2024 | 121 | 0

Нарын облусунун Жумгал районунда 2022-жылы болгон Баткен окуясында курман болгон жоокер Жеңиш Иманбек уулуна эстелик орнотулду.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин  демилгеси менен орнотулган эстеликтин ачылышы 25-ноябрда өттү.

Жеңиш Иманбек уулу 2022-жылы чек ара кагылышында элдин тынчтыгы, мекендин бүтүндүгү үчүн күрөшүп, 22 жаш курагында каза тапкан.

«Иманбек уулу Жеңиш инибиздин эрдигин даңазалоо максатында түрдүү спорттук иш-чаралар өткөрүлүп келет. Ошондой эле быйыл сентябрь айында Миң-Куш айылындагы мектепке ЖеңишИманбек уулунун ысымы ыйгарылды. Мындан тышкары бүгүн Иманбек уулу Жеңиштин элеси түшүрүлгөн эстеликти ачып жатабыз. Бул чек эмес. Баатырдын аты далай айтылып, далай даңкталат», — деди вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нарын облусунун Жумгал районундагы социалдык объектилердин курулуштарынын жүрүшү менен таанышууда.

Жумгалдын Таш-Дөбө айылындагы 225 орундуу мектеп жана Чаек айылындагы Чынара Дүйшеева атындагы балдар искусство мектебинин курулушу жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM