АКШда адамдын өпкөсүнө роботтун жардамы менен оор операция ийгиликтүү ишке ашты. Операциянын жүрүшүндө 57 жаштагы бейтапка эки өпкөсүнө операция жасалган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар, Нью-Йорк университетинин медициналык борборунун маалымат кызматына шилтеме берип кабарлады.
Нью-Йорк университетинин доценти Стефания Чангдын айтымында, бул ыкма операциянын ийгиликтүү аякташынын эң жогорку мүмкүнчүлүгүн жана операциядан кийин ооруну азайтууну камсыздап, бейтаптын бат калыбына келүүсүнө шарт түзөт.
Эксперименталдык операцияга 2010-жылы оор формадагы өнөкөт өпкө оорусу чалдыккан 57 жаштагы АКШнын тургуну катышкан. Бейтаптын абалы 2020-жылы коронавирус инфекциясынан кийин начарлап, өпкөсүн алмаштырууга туура келген.
Бул оору өпкө ткандарынын сезгенишинен улам дем алуу жолдорунун бара-бара кыскарышы менен коштолот.
Мындан бир ай мурун, Нью-Йорк университетинин дарыгерлери бир өпкөнү роботтун жардамы менен трансплантациялоону ишке ашырышкан, эми адистер эки органды алмаштырууга жетишишти.