Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, Жайыл районундагы «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 15:30дан тарт чектөө киргизилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай чечим №9 жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча кабыл алынганын, унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынарын билдирди.