Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 20-ноябрда маалымат таратып, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев жана активист Тилекмат Күрөңовдун жолугушуусу боюнча комментарий берди.
Маалыматка караганда, Жамгырчиев Күрөңов менен жолугушуу максатында Бириккен Араб Эмираттарына барган факты боюнча УКМКга суракка чакырылды.
Аны мындан ары жоопкерчиликке тартуу менен алардын жолугушуусунун себептери такталып жатканы кабарланды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев Дубайда активист Тилекмат Күрөңов менен жолугушуусунан улам суракка чакырылганын социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу билдирген.
Ал АКШда делген активист Тилекмат Күрөңов менен байланышта болуп жүргөнүн, анын кызына жардам бергенин айткан.
Жамгырчиев кийинчерээк активист алардын Дубайдагы жолугушуусун видеого жаздырып алып, коомчулукка жарыялайм деп коркутуп, андан дагы акча талап кыла баштаганын жазды.
Буга чейин АКШда жүргөн Тилекмат Күрөңов Жамгырчиев Дубайга чакырып, авиабилет сатып бергенин билдирген, келгенден кийин Кыргызстанга экстрадициялоо максатында милицияга өткөрүп бергенин айткан.
Журналист Болот Темиров Эмил Жамгырчиев Тилекмат Күрөңовдун паспортун уурдап алганын, ал учуп кете албай калганын социалдык тармактагы баракчасына жазган. Экс-депутат бул маалыматты төгүндөп жатат.