Connect with us

Бишкекте Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушу башталды

Кыска кабар | 20 Ноя 2024 | 175 | 0

Бишкек шаарында Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушу башталды. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мындай борбордун түзүлүшү Кыргызстанда бөйрөк жана боор ооруларын диагностикалоо жана дарылоо деңгээлин жаңы деңгээлге чыгара турганын белгиледи.

Жалпы наркы 446,6 миллион сомду түзгөн борбор толугу менен республикалык бюджеттен каржыланат. Ал акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен жабдылып, гемодиализ, органдарды трансплантациялоо жана адистештирилген реабилитацияны талап кылган бөйрөк жана боор оорулары менен ооруган бейтаптарга кызмат көрсөтөт.

Мекеменин түзүмүндө нефрология, гемодиализ, гепатология, трансплантология бөлүмдөрү, ошондой эле генетикалык жана биохимиялык изилдөө лабораториясы болот. Борбордо операциялык бөлмөлөр, интенсивдүү терапия бөлүмдөрү жана бейтаптарга трансплантациядан кийинки кам көрүү бөлүмү болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM