Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет билдиргендей, аянты 2801 чарчы метр, жанаша аянты 1,29 га болгон Бишкек шаарынын престиждүү районунда жайгашкан бала бакчанын имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.
Аталган социалдык мүлк мурда «А» аталышындагы ачык акционердик коомунун балансында болуп, «З» аталышындагы жеке менчик мектеп-комплексине ижарага берилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө 1992-жылы ачык акционердик коомду менчиктештирүүдө башка объектилер менен бирге мамлекеттик ишкананын балансынан социалдык объекти мыйзам бузуу менен чыгарылгандыгы аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ишкананын акционерлери ыктыярдуу түрдө сметалык баасы 1 млрд 6 млн сомду түзгөн имаратты чектеш аймагы менен кошо мамлекетке акысыз өткөрүп беришти.
Бирок «З» билим берүү мекемеси министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен ижара келишиминин негизинде окутуучулар курамын сактап калуу менен өз ишин улантат.