Connect with us

«Таш-Көмүр» ГЭСтеринин каскадында темир, бетон чыгаруучу цех ишке кирди 

Кыска кабар | 20 Ноя 2024 | 184 | 0

«Электр станциялар» ишканасына караштуу Шамалды-Сай шаарындагы “Таш-Көмүр” ГЭСтеринин каскадында темир, бетон чыгаруучу цех ишке кирди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Министрлик буга чейин иштебей, токтоп калган цехтин кайрадан жаңыланып, ишке киргени энергетиктер үчүн кубанаарлык иш экенин белгиледи.

Ачылган цехтин саатына өндүрүмдүүлүгү 60 м3, ал эми бир күндө 1440 метр кубду түзөт. Бул ишкана үчүн өтө жогорку өндүрүмдүүлүк экени айтылды.

Цех бетон буюмдарын, бетон мамыларын, плиталарды, регилдерди жана түрдүү бетон иштерине керектүү каражаттарды чыгарат .

Цехти кайрадан жаңылап куруу иштери 2024-жылдын сентябрь айында башталып, октябрь айында ишке берилди. Куруу иштерин “Электр станциялар” компаниясы каржылап, ишке ашырды.

Учурда жыйырма адамды жумуш орду менен камсыздап, чыгарылган өндүрүш ГЭСтердин оңдоп-түзөө иштерине жана ар түрдүү курулуш тармактарда колдонулат.

Бул цех 1956-жылдан 2020-жылга чейин иштеп келген. Чыккан өндүрүмдөр “Токтогул” ГЭСи жана “Үч-Коргон” ГЭСинин курулушунда колдонулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM