Кыргызстан жана Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол ратификацияланды. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Протоколдун максаты, кыргыз-казак чек арасынан өтүү үчүн шарттарды түзүү жана “Каркыра-автожол” өткөрүү пунктунун иштөө режимин өзгөртүү болуп саналат.
Протоколдо “Каркыра-автожол” өткөрүү пунктунун иштөө режимин сутканын күндүзгү убактысынан күнү-түнү иштөөгө өзгөртүү каралган.