Connect with us

Лос-Анжелес шаарында кыргыз киносунун күнү өтөт

Кыска кабар | 19 Ноя 2024 | 147 | 0

Американын Лос-Анжелес штатында 19-ноябрда Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын колдоосу менен уюштурулган онунчу Азия дүйнөлүк кинофестивалынын алкагында кыргыз киносунун күнү өтөт.

Иш-чара Голливуд Калвер театрында өтүп, көрүүчүлөргө кыргызстандык режиссерлор тарткан эки тасма тартууланат. Алар «Кыргызфильм» киностудиясында тартылган режиссер Дастан Жапар Рыскелдинин «Качкын» жана Кыргызстандан «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» тасмалары.

«Качкын» тасмасы Asian Vision фестивалынын негизги программасына кирип, «Мыкты тасма» номинациясында сыйлыкка ат салышууда. Тасма Азия чөлкөмүндөгү эң мыкты 8 тасманын ичинен тандалып алынган, бул кыргыз кинорежиссерлорунун чеберчилигинин жогорку деңгээлин тастыктайт.

Фестиваль жыл сайын Лос-Анжелес шаарында өтүп, ага 50дөн ашык өлкөнүн кино тармагынын өкүлдөрү катышат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM