Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматка ылайык, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо беш партия 5% пайыздык босого чектен өттү.
- «Жаңы Кыргызстан» партиясы — 23 783 (43,36%)
- «Ынтымак» партиясы — 10 982(20,02%)
- «Мурас» партиясы — 8309 (15,15%)
- “Бир Бол” партиясы — 5350 (9,75%)
- “Милдет”партиясы — 5,704 (10,4%)
Ал эми «Баарына каршы» 728 (1,33%) шайлоочу добуш берген.
“Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда шайлоо мыйзамдарын ар кандай бузуулар боюнча 65 билдирүү түшкөн. Төрт арыз каралууда турат, шайлоодо добуш берүүгө чейин жана добуш берүү учурунда кабыл алынган бардык башка арыздар боюнча чечимдер кабыл алынган”, — деп айтылат БШКнын маалыматында.
Кечээ, 17- ноябрда жергиликтүү кеңештерди шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, 1 150 931 киши шайлоого катышты, жалпы шайлоочулардын 27,83%зы добуш берди. Өлкө боюнча жалпысынан 4 миллион 135 миң 39 шайлоочу бар.