Connect with us

Tunduk тиркемеси аркылуу ID паспортту алмаштыруу кызматы ишке кирди

Кыска кабар | 15 Ноя 2024 | 160 | 0

Кыргызстанда ID паспортторду Tunduk мобилдик тиркеме аркылуу алмаштыруу боюнча жаңы кызмат ишке кирди. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

15-ноябрдан тарта Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу паспорт алмаштырууга арыз бере алышат. Документ тапшыруу үчүн калкты тейлөө борборлоруна барбай туруп, паспорт алмаштырууга мүмкүндүк түзүлөт.

Кызматты ким колдоно алат?

2017-2024-жылдар аралыгында чыгарылган жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортко ээ болгон Кыргызстандын жарандары Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу ID картасын алмаштырууга арыз бере алышат.

Бул паспорттордо биометрикалык маалыматтары бар чип камтылган, анын ичинде жашаган жерин каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо маалыматтары бар, бул бардык зарыл болгон текшерүүлөрдү онлайн режиминде жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бул кызмат биометриялык паспорту бар жарандар үчүн гана жеткиликтүү.

Эски сериялык паспорту бар жарандар жаңы паспортту тариздөө үчүн калкты тейлөө борборуна барышы керек.

Кызмат жарактуу паспортту алмаштыруу үчүн гана жеткиликтүү. ID картаны алгачкы жолу алуу үчүн калкты тейлөө борборуна кайрылуу зарыл.

Tunduk тиркемеси аркылуу кантип тапшырса болот?

-Tunduk тиркемесин ачыңыз жана “ID паспортту алмаштырууга онлайн арыз” бөлүмүнө өтүңүз.

-Паспортту алмаштыруунун себебин тандаңыз: жоголуу, бузулуу, жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшү, каалоосу боюнча жаңыртуу же жеке маалыматтарды өзгөртүү.

-Өздүгүн тастыктоо үчүн фото идентификациядан өтүңүз – процедура түздөн-түз тиркемеде жүргүзүлөт.

-Сизге ыңгайлуу болгон аймактык бөлүмдү көрсөтүү менен жаңы паспорт бериле турган калкты тейлөө борборун тандаңыз.

-Мамлекеттик алымды төлөңүз-атайын код аркылуу тиркеме аркылуу онлайн төлөм жеткиликтүү.

Паспортту иштеп чыгуу жана алуу мөөнөтү

Арыз берилгенден кийин, бардык документтер 1-3 күндүн ичинде текшерилет. Арыз иштелип чыккандан кийин, арыз ээси паспорттун даяр экендиги жөнүндө тиркеме аркылуу кабар алат.

Даяр документти алуу үчүн тандалган калкты тейлөө борборуна документтердин түп нускалары менен жеке өзү баруу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM