Connect with us

Бишкек ЖЭБин авариядан кийин оңдоп-түзөөгө 1,6 млрд сом кеткен

Кыска кабар | 14 Ноя 2024 | 140 | 0

Бишкек жылуулук электр борборун оңдоого бир миллиард алты жүз миң сом кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин 14- ноябрдагы жыйынында бюджеттин аткарылышы каралып жатканда айтты.

«Бишкек жылуулук борборунун оңдоо иштерине бир млрд алты жүз миң сом жумшалды, НЭСКке электр энергияны импорттоо үчүн төрт жарым миллиард сом бюджеттик кредит берилди. Врачтардын айлыгын көтөрүүгө 1, 8 миллиард сом, мугалимдерге ноутбук алууга 678 миллион сом, селдин кесепеттерин жоюуга кошумча 605 миллон сом берилип жатат», — деди ал.

Быйыл 2-февралда борбор калаадагы жылуулук электр борборунда авария болуп, анын кесепетинен электр энергиясын чыгарган жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Жылуулук тармагынын белгиленген температурасы +65-70 градустан +35-40ка чейин төмөндөгөн.

Кырсыктын кесепетинен беш кызматкер жабыркаган, алардын дарылануусу азыр да уланууда.

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоп, жарылуу ЖЭБдин кызмат адамдары «өздөрүнө жүктөлгөн милдетин так аткарбаганы жана магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин сактабаганы үчүн болду» деп билдирген.

Кырсыктан беш адам жабыркаган. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияда дарыланып, 9-майда Бишкекке кайтып келишкен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM