Connect with us

Кыргызстанда бүбү-бакшыларды, көз боемочуларды жарнамалоого тыюу салынды. Тизме

Кыска кабар | 13 Ноя 2024 | 191 | 0

Министрлер кабинети «Жарнама жөнүндө» жоболорун ишке ашыруу максатында оккульттук-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоого тыюу салды.

Министрлер кабинети токтом кабыл алып, жарнамалоого тыюу салынган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жарыяланды.

Тизмеге төмөнкүдөй кызмат көрсөтүүлөр кирди:

— адамдын ишенимин кыянаттык менен пайдаланууга багытталган, ар кандай методдорду колдонуу аркылуу сыйкырдуу таасир этүү жолу менен көрсөтүлүүчү кызматтар.

— оккульттук методикаларды, амулеттерди, тумарларды, ырым- жырымдарды, дубалоону, экстрасенсориканы колдонуу менен акылга сыйбаган же сыйкырдуу деп эсептелген методдордун жардамы менен төлгө ачуу, көзү ачыктык, келечекти болжолдоо же мүнөздү аныктоо кызмат көрсөтүүлөрү.

— көз байлоочулук, башын айландыруу, каргыш, дубалоо, көз тийүү, окутуу, ийгиликке, финансыга жол ачуу, көз карандылыктан арылтуу ж.б. кызмат көрсөтүүлөрү.

— адам менен башка дүйнөнүн ортосундагы ортомчулук кызмат көрсөтүүлөрү (спиритизм жана шаманизм).

— саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредиттелбеген, альтернативдүү методдор менен айыктыруу, бакшылык, дарылоо кызмат көрсөтүүлөрү.

Быйыл 19- июлда президент Садыр Жапаров «Жарнама жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Документ 2-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык, көзү ачыктарды жарнамалоо Укук бузуулар кодекси боюнча жоопкерчиликке алып келет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, долбоор кандайдыр-бир магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүү жагынан жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан.

«Турмуштук татаал кырдаалда турган жарандарыбыз көп учурда экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандарга кайрылат, мындай кырдаалда алдамчыларга кайрылган жарандар гана жапа чегүүдө. Өлкөбүздө экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандардын кайырмагына түшкөн жарандарыбыздын саны аз эмес» , — деди депутат Маматалиев.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM