Connect with us

Байсалов Эл аралык миграция уюмунун өкүлү менен миграция маселелерин талкуулады

Кыска кабар | 13 Ноя 2024 | 142 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) жаңы субрегионалдык өкүлү Серхан Актопрак менен жолугушту.

Жолугушууда миграция тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болгонун өкмөттөн кабарлашты.

Эдил Байсалов Кыргызстандагы азыркы миграциялык кырдаалга токтолуп, өкмөт тарабынан эмгек мигранттарына жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтты.

Анын маалыматына караганда, ушул жылы Кыргызстан мыйзамдуу миграция жөнүндө глобалдык келишимге кошулган. Бул Кыргызстандын жарандарынын мамлекеттен тышкаркы эмгек миграциясы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын чет өлкөлөрдө коргоо системасын курууга умтулуусун билдирет.

Миграция саясаты, коопсуздук, кадрларды даярдоо жана техникалык жардам көрсөтүү жаатында Кыргызстандын тиешелүү органдарынын ишин колдоого багытталган долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу боюнча Эл аралык миграция уюмунун ишмердүүлүгү белгиленди.

Серхан Актопрак Кыргызстанда мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган, анын ичинде социалдык биримдикти арттыруу жана региондогу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча программаларды камтыган ЭМУнун Кыргызстандагы бир катар долбоорлору ийгиликтүү ишке ашып жатканын айткан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM