Connect with us

Нарын дарыясына түшүп кеткен кызды издөөгө 27 адам тартылды

Кыска кабар | 13 Ноя 2024 | 129 | 0

Нарын дарыясына түшүп кеткен кызды издөөгө бүгүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын шаардык №16 куткаруу бөлүмүнөн 11 куткаруучу, Ак-Талаа районунан 5 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 5 адам, жалпы 27 адам тартылды.

Издөө иштери өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө жүрүп жатканын министрликтен кабарлашты.

Куткаруучулар Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагынан баштап Жаң-Булак айылын көздөй жана Актал-Чат көпүрөсүнөн Тоголок-Молдо тилкесине чейин издөө иштерин жүргүзүшөт.

2-ноябрда Нарын дарыясына көпүрөдөн Т.Э. аттуу 17 жаштагы кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери аны издөө иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM